Курортология институтунун жетекчилиги бекер берилчү жолдомону 10 миң сомдон сатып келген

Жазылуу
Түзүлгөн келишимге карабастан институт камсыздандырылган жарандардан консультация, лабораториялык жана диагностикалык изилдөөлөр үчүн акча алып турушкан.

БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Дарылануу үчүн акысыз бериле турган жолдомону 10 миң сомго баалаган курортология илим изилдөө институтунун жетекчилигине кылмыш-жаза кодексинин үч беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун Башкы прокуратура билдирди.

Акча санап жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Баткенде жетим-жесирдин акчасына көз арткан мыкчыгерлер аныкталды
Маалыматка ылайык, аталган институт Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду менен түзгөн келишимдин негизинде базалык программа боюнча ооруканага жаткырылган жарандарга акысыз медициналык жардам көрсөтүүгө милдеттендирилген.

Буга карабастан институт камсыздандырылган жарандардан консультация, лабораториялык жана диагностикалык изилдөөлөр үчүн акча алып турушкан.

Аталган фактылар боюнча Чүй облустук прокуратурасы институттун жетекчилигине карата "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "Документтерди жасалмалоо" жана "Алдамчылык" беренелеринин негизинде кылмыш ишин козгоду.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0