Музыкалык-педагогикалык колледждин жетекчилигине кылмыш иши козголду

Жазылуу
Окуу жайдын жетекчилиги эки жыл бою иштебеген адамдарга айлык акы чегерип, документтерди жасалмалоо менен төлөп келген.

БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Бишкектеги Таштан Эрматов атындагы музыкалык-педагогикалык колледжинде мамлекетке 7,2 миллион сом өлчөмүндө зыян келтирилген факты аныкталганын УКМК билдирди.

Жалал-Абаддын сот-медициналык экспертиза бюросунун жетекчилери алдамчылыкка барышкан
Маалыматка ылайык, окуу жайдын кызматкерлери эки жыл аралыгында иштебеген адамдарга 2,5 миллион сом эсептеп айлык акы төлөп берген. Мындан сырткары, колледждин мугалимдерине иштебеген сааттары үчүн 4,5 миллион сом мыйзамсыз төлөнгөн. Муну менен бирге окуу жайдын айрым имараттары ижарага берилип, андан 80 миң сом өлчөмүндө акы алынган эмес.

Аталган факт боюнча Биринчи Май райондук прокуратурасы кылмыш ишин козгоп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0