Москвада адамдарды Сирияга кетүүгө үндөгөн Кыргызстандын жараны кармалды

Жазылуу
УКМКнын маалыматы боюнча кармалган кыргызстандык жаран адамдарды азгырып, аларды Сириядагы согуш болуп жаткан жерлерге жөнөтүү менен алектенген.

БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Москвада эл аралык террористтик топтун мүчөсү болгон кыргызстандык жаран кармалып, Бишкекке алып келингенин УКМК билдирди.

Кишенчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ошто эл аралык террористтик топтун мүчөсү колго түштү
Маалыматка ылайык, колго түшкөн 25 жаштагы жаран адамдарды азгырып, аларды Сириядагы согуш болуп жаткан жерлерге жөнөтүү менен алектенген.

УКМКнын тергөө органдары бул факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин "Экстремисттик материалдарды сатып алуу, даярдоо, сактоо, жайылтуу, ташуу жана жиберүү, ошондой эле экстремисттик уюмдардын символдорун же атрибуттарын атайылап колдонуу" жана "КР жарандарынын чет өлкөнүн аймагында куралдуу жаңжалдарга же согуш аракеттерине катышуусу же террористтик жана экстремисттик даярдоолорду өтүүгө далалаты" беренелерине ылайык кылмыш ишин козгоду.

Кармалган адам козголгон иштин алкагында камакка алынды. Азыркы маалда тиешелүү тергөө-ыкчам иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0