Жалал-Абадда мыйзамсыз нефть казып келген чет элдик компания аныкталды

© Sputnik / Егор Еремов / Медиабанкка өтүүНефть чыгаруучу завод. Архив
Нефть чыгаруучу завод. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экологиялык жана техникалык ченемдердин бузулушунан мамлекетке келтирилген материалдык зыяндын көлөмү 581 миң сомду түзүп, каражат кытай компаниясы тарабынан төлөндү.

БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Жалал-Абадда кытай компаниясы тарабынан мыйзамсыз нефть казуу боюнча кылмыш иши козголгонун Финансы полициясы билдирди.

Работа Екатеринбургского завода по обработке цветных металлов - Sputnik Кыргызстан
Нефтиби же алтынбы: Кыргызстанда кайсы өнөр жай тармагы жакшы өнүгүүдө?
Маалыматка ылайык, аталган компания мамлекеттик токой фондуна таандык жерде иш жүргүзүп келген. Мындан тышкары, ишкана тийиштүү уруксат берүүчү документтерсиз жардыруу ыкмасын пайдаланган. 

Экологиялык жана техникалык нормалардын бузулушунан мамлекетке келтирилген материалдык зыяндын көлөмү 581 миң сомду түзүп, каражатты кытай компаниясы төлөндү.

Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө  жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0