Түркияда жол кырсыгына кабылган Арслан Асанкулов каза болду

© flickr.com / Matt PerreaultТез жардам автоунаасы. Архив
Тез жардам автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
24-октябрда Анталиянын Кемер аймагында жол кырсыгына кабылган Асанкулов эс-учуна келбей ооруканада жаткан.

БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Анталиянын Кемер аймагында жол кырсыгына кабылып, оор абалда ооруканага алынып келген 21 жаштагы Арслан Асанкулов каза болгонун анын жакындары билдиришти.

Түрк мамлекетинин желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Түркияда жол кырсыгына кабылган КР жараны реанимацияда
24-октябрда Анталиянын Кемер аймагында автобус жолдон чыгып ала салып, анда 12 киши жаракат алган. Алардын бешөө Кыргызстандын жарандары болгон. Экөөсүнүн жаракаты оор болгондуктан, ооруканага жеткирилген. биринин манжалары сынып, гипс коюлгандан кийин ооруканадан чыгарылган. Ал эми Арслан Асанкуловдун акыреги, жамбашы сынып, башы жарылгандыктан, Анталиядагы жеке оорукананын реанимация бөлүмүнө жаткырылган болчу. Алардын Түркиядагы эмгек келишими бүтүп, үйлөрүнө кетип жаткандыктан, Анталиядан жакындарына белек алганы баратып, жол кырсыгына кабылышкан.

Асанкуловдун сөөгү бүгүн Кыргызстанга алынып келет. Баласы жол кырсыгына кабылгандан кийин ата-энеси жанына учуп барышкан.

Арслан Асанкулов Ысык-Көл облусунун Түп районунун Париж айылынын тургуну. Үй-бүлөдө үч уулдун улуусу болчу.

Жол кырсыгына кабылган Кыргызстандын беш жараны быйыл "Авемлис" компаниясы аркылуу Түркияга иштегени кеткен. Алардын төртөө 27-октябрда эртең менен Бишкекке учуп келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0