БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Ошто "Хизб ут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмунун активдүү мүчөлөрү кармалганын ИИМ билдирди.
Маалыматка ылайык, Салиева көчөсүнөн Ош шаарынын 38 жаштагы жашоочусунан тыюу салынган уюмдун адабияты, экстремисттик мазмундагы электрондук беш китеп табылган. Ал эми аялдын үйүнөн баракчалар, китептер, DVD дисктер алынган.
Бул боюнча тийиштүү экспертиза дайындалды.
Милиция кызматкерлери ошол эле күнү уюмдун дагы бир мүчөсүн колго түшүрүп, жанындагы "Хизб-ут-Тахрир" идеялары чагылдырылган 22 диск, 20 дептер, 13 китеп, 5 видеокассета жана бир флешкарта алынды.