Он үч жалган фирма ачып, мамлекетке 400 млн. чыгым алып келген киши аныкталды

Жазылуу
Анын фирмалары эч кандай товар жеткирбестен эле жалган эсеп-фактураларын тапшырып, салык төлөөдөн качып келген.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматы 14 жылдын ичинде 13 жалган фирма ачып, мамлекетке 400 миллион сом зыян алып келген жаран аныкталганын аталган кызматтан билдиришти.

Тыйын. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мамлекеттик чыгымдар октябрда 1,8 миллион сомго көбөйгөн
Ага ылайык, Кубанычбек Рыспаев аттуу жаран мыйзамсыз финансылык аракеттерди жүргүзүп келген. Бул фактылар Салык кызматы тарабынан субъекттердин ишмердигине мониторинг жана анализ жүргүзүү учурунда белгилүү болгон.

Рыспаев аттуу жаран мыйзамсыз киреше алуу максатында 1998-2012-жылдар ичинде 13 жалган-фирма ачып, алардын жардамы менен мыйзамсыз ишкердик жасап, салык төлөөдөн качып келген.

Алдын-ала алынган маалыматтарга ылайык, Рыспаевге тиешелүү субъекттер келтирилген зыяндын көлөмү 400 миллион сомго жакын. Ал 13 юридикалык жактын уюштуруучусу же жетекчиси экени аныкталган. 

Аталган фирмалар эч кандай товар жеткирбестен эле жалган эсеп-фактураларын тапшырып, салык төлөөдөн качып келген. Реестрлерде алар нөлдүк көрсөткүчтөр же анча-мынча суммаларды көрсөтүү менен чагылдырылган.

Денежные купюры - Sputnik Кыргызстан
Сегиз айда экономикалык кылмыштуулук 1 млрд. 37 млн. сомдон ашык чыгымга алып келген
Муну менен салык мыйзамдарынын талаптары орой түрдө бузулган. Азыркы учурда Салык кызматы Рыспаевдин фирмасы менен кандайдыр бир байланышы бар – жеткирүүлөрдү ишке ашырышкан же товарларды сатып алышкан башка юридикалык жактарды, жеке ишкерлерди жана жеке жактарды текшерүү боюнча иштерди жүргүзүп жатат.

Жалган ишкердик менен алектенүүнүн белгилери байкалган субъекттер боюнча тыкыр талдоолор жүргүзүлүп, материалдары тиешелүү чараларды кабыл алуу үчүн укук коргоо органдарына жиберилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0