Ошто эл аралык террористтик топтун мүчөсү колго түштү

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүКишенчен адам. Архив
Кишенчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кармалган адам ЭТУга тиешеси бар экенин моюнундаган. Ал топ эмиссарларынын тапшырмасы менен кыргызстандык жарандарды азгырып, согуш аймактарына жөнөтүп турган.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Ош шаарында эл аралык террористтик уюмдун (ЭТУ) мүчөсү кармалганын УКМК билдирди.

Маалыматка ылайык, кармалган адам ЭТУнун эмиссарлары менен туруктуу байланышта болуп келген. Алардын тапшырмасы менен кыргызстандык жарандарды азгырып, согуш болуп жаткан жерлерге жөнөтүп турган. 

Оштун 48 жаштагы тургунунун үйүн тинтүүдө белгисиз химиялык заттар табылып, токсикологиялык экспертизага жөнөтүлдү. 

"Кармалган жаран ЭТУга тиешеси бар экенин жана азгырма иштерин жүргүзүп жатканын моюнуна алды. Анын айтуусунда, химиялык заттарды даярдоо нускамасы ага эл аралык террористик уюмдун чет өлкөдөгү борборунан жөнөтүлгөн", — деп айтылат билдирүүдө.

Азыркы маалда кармалаган адам камакка алынган, жана тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0