Чиркөөдөн 100 миң сомдук курулуш материалдарын уурдап кеткендер кармалды

Жазылуу
Чиркөө Бишкектин "Асанбай" кичи районунда жайгашкан. Кармалгандардын кылмышы боюнча учурда тергөө жүрүп жатат.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Бишкектин "Асанбай" кичи районунда жайгашкан чиркөөдөн курулуш материалдарын уурдап кеткен борбор калаанын эки тургуну кармалганын Бишкек ШИИБ билдирди.

Маалыматка ылайык, чаламандын чак түшүндө уурдалган материалдын жалпы суммасы 94,5 миң сомду түзгөн. 

Ыкчам иликтөө иш-аракеттеринин натыйжасында Октябрь райондук ИИБ кызматкерлери тарабынан уурулар кармалды. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0