Токмокто бузулган наабайканадан Калашников автоматы табылды

© пресс-служба ГКНБ КРТабылган Калашников автоматы жана ок салуучу магазиндери.
Табылган Калашников автоматы жана ок салуучу магазиндери. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Курал-жарак ок-дарысы менен кошо УКМКнын терроризмге, диний экстремизмге жана уюшкан кылмыштуулукка каршы ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында табылды.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Токмок шаарында табылган Калашников автоматы менен бирге ок-дары аныкталганын УКМК билдирди.

Таласта сыр заводунан немис тапанчаcы табылды
Маалыматка ылайык, курал-жарак бузулган наабайкананын аймагындагы бетон плитасынын алдынан алынган. Полиэтилен кабына салынган 7,62 миллиметр калибрлүү автоматтын сериялык номери өчүрүлгөн. Мындан тышкары, эки магазин жана 7,62 калибрлүү ок табылган.

Учурда курал-жарактын табылышы боюнча материалдар УКМКнын тергөө башкармалыгына жөнөтүлдү. Муну менен бирге ок-дарынын мыйзамсыз сакталышына тиешеси бар адамдарды тактоо жана издөө иштери башталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0