Атышуу учурунда каза болгон жай тургундардын өлүмү боюнча кылмыш иши козголду

© Sputnik / Каныбек БейшенбековАтайы операция болгон үй.
Атайы операция болгон үй. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Итибаев жок кылынгандан кийин ал жашырынган 86-батирдин жанындагы үйдөн ок жеген эки адамдын сөөгү табылып, алардын бири 79 жаштагы Батыш Койчуманова жана экинчиси анын күйөө баласы 56 жаштагы Медет Какеев экени аныкталган.

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Түрмөдөн качкан кылмышкер Алтынбек Итибаевди жок кылуу учурунда каза болгон жай тургундардын өлүмү боюнча кылмыш иши козголгонун Башкы прокуратура билдирди.

ИИМ башчысы Итибаевди жок кылуу боюнча операциянын жообун өз мойнуна алууга даяр
Кечээ, 22-октбярда түнкү саат 22.30да "Достук" кичирайонунда жашырынып жаткан Итибаев жок кылынган. Үч саатка созулган атайын операциянын натыйжасында милициянын капитаны 37 жаштагы Төлөбек Исмаилов менен бирге жай тургундар да каза болгон.

Итибаев жок кылынгандан кийин ал жашырынган 86-батирдин жанындагы үйдөн ок жеген эки адамдын сөөгү табылып, алар 79 жаштагы Батыш Койчуманова менен анын күйөө баласы 56 жаштагы Медет Какеев экени анык болду. Кемпир Нарындын Ак-Талаа районунан, Какеев Кочкор районунун жашоочусу болгон.

Кылмыш ишин иликтөө прокуратура менен Бишкек ШИИБ мекемелер аралык комиссиясына тапшырылды.

Мындан тышкары, курман болгон жоокер Исмаиловдун өлүмү боюнча 340-берененин негизинде кылмыш иши козголгону тууралуу маалымат бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0