Курман болгон жоокер "Кыргызстандын Баатыры" сыйлыгына көрсөтүлөт

© Sputnik / Табылды КадырбековКооптуу кылмышкерди кармоо учурунда. Архив
Кооптуу кылмышкерди кармоо учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кооптуу кылмышкерди кармоо учурунда көз жумган Төлөбек Исмаилов 2006-жылы өзгөчө эмгеги үчүн "Эрдик" медалы менен сыйланган.

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Түрмөдөн качып чыккан кылмышкер Алтынбек Итибаевди жок кылуу операциясында курман болгон тез арада аракетке келе турган атайын даярдыктагы отряддын жоокери Төлөбек Исмаилов "Кыргызстандын Баатыры" сыйлыгына көрсөтүлүшү мүмкүн экенин өкмөттүн маалымат кызматынын жетекчиси Назира Ахмедова билдирди.

Поиски беглецов заключенных из СИЗО №50 - Sputnik Кыргызстан
Курман болгон жоокер Төлөбек Исмаиловдун артында аялы менен үч баласы жетим калды
Бейшемби күнү шаардын "Достук" кичирайонунда түрмөдөн качып из суутуп кеткен төрт кылмышкердин акыркысы Алтынбек Итибаевди жок кылуу боюнча атайын операциянын жүрүшүндө ИИМ кызматкери Исмаилов менен бирге жай тургундар 1936-жылы туулган Батыш Койчуманова жана 56 жаштагы Медет Какеев каза болушкан. Мындан тышкары, дагы бир милиция кызматкери жарадар болуп, учурда Улуттук хирургия борборунда дарыланып жатат.

Ахмедованын айтымында, Исмаиловдун үй-бүлөсүнө президент бир миллион, ал эми өкмөт 50 миң сом бөлөт. 

"Мындан тышкары, ИИМдин жарадар болгон жоокерине да өкмөт тарабынан 50 миң сом бөлүндү. Каза болгон жай тургундардын үй-бүлөсүнө да акча каражаты жеткирилип, өкмөт аларды жерге берүү боюнча чыгымдын баарын көтөрдү", — деди ал.

Ахмедова өкмөт атайын операция учурунда жабыркаган үйлөрдүн ээлерине компенсация төлөп берүү маселеси талкууланганын белгиледи.

"Маселе тез арада, суук түшкөнгө чейин чечилиши керек", — деди маалымат кызматтын жетекчиси.

Кылмышкер Алтынбек Итибаев жашынып, атышкан батирден тартылган кадрлар
Өткөн аптанын башында 50-түрмөдөн тогуз кылмышкер ЖАМКтын үч кызматкерин өлтүрүп, дагы бири оор жарадар кылып качып чыгышкан. Ооруканага жеткирилген офицер беш күндөн кийин эсине келбей  каза болгон.

Качкан кылмышкерлердин бешөө ошол эле түнү кармалып, төртөө из суутканга үлгүргөн. Ал эми түрмөгө кайтарылган кылмышкерлердин үчөө ооруканадан үч күндүн ичинде каза болду.Атайы операциянын натыйжасында качкындардын экөө жок кылынган. Бирөөсү Эдил Абдырахманов бейшемби күнү "Ала-Тоо" айылынан кармалган. Издөөдө ИИМ тарабынан жок кылынган Итибаев жалгыз калган эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0