Качкын кылмышкер Итибаев жашырынган үй курчоого алынып, атышуу жүрүп жатат

Жазылуу
Өткөн аптанын башында 50-түрмөдөн тогуз кылмышкер ЖАМКтын үч кызматкерин өлтүрүп, дагы бирин оор жарадар кылып качып чыгышкан. Ооруканага жеткирилген офицер беш күндөн кийин эсине келбей каза болгон.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. "Достук" кичи районунда качкын кылмышкер Алтынбек Итибаев жашырынган үй курчоого алынып, атышуу жүрүп жатканын ИИМдеги булак билдирди.

© пресс-служба ГСИН КРИтибаев Алтынбек Абдиметалиевич
Итибаев Алтынбек Абдиметалиевич - Sputnik Кыргызстан
Итибаев Алтынбек Абдиметалиевич

Калашников автоматтары. Архив - Sputnik Кыргызстан
ИИМ: Итибаев атышып жаткан үйдө жалгыз эместиги мүмкүн
Өткөн аптанын башында 50-түрмөдөн тогуз кылмышкер  ЖАМКтын үч кызматкерин өлтүрүп качып чыгышкан. Дагы бир жарадар болгон офицер  беш күндөн кийин ооруканада эсине келбей каза болгон.

Качкан кылмышкерлердин бешөө ошол эле түнү кармалып, төртөө из суутканга үлгүргөн. Атайы операциянын натыйжасында алардын экөө жок кылынды. Бирөөсү Эдил Абдырахманов бүгүн "Ала-Тоо" айылынан кармалган. Ал эми түрмөгө кайтарылган кылмышкерлердин үчөө ооруканадан үч күндүн ичинде каза болушту.

Жаңылыктар түрмөгү
0