Милиция Ош шаарында чет элдиктердин мушташын токтотту

© Екатерина ИващенкоОш шаары. Архив
Ош шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Араван кичирайонуна жетип барган милиция жана кийинки курстарда окуган индиялык студенттердин ортосунда араздашуу келип чыккандыгын аныктаган.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Ош шаарындагы Араван кичирайонунда Индиядан келип окуп жаткан студенттердин массалык мушташуусун милициянын кайгуул күзөтү барып токтотту. Бул туурасында Sputnik маалымат агенттигине ИИМдин Ош шаардык жана облустук башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Жеңиш Ашырбаев билдирди.

 Араздашкандар Ош шаарындагы Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетининде билим алып жаткан чет элдик студенттер болуп чыкты. 

"Индиялык студенттер топтолушуп, мурдагы курстар менен кийинкилери өз ара араздашып, келишпестик болуп жатканда милиция кызматкерлери барып токтотуп калды. Ал жерге чогулгандар 30 чет элдик жаран болсо, алардын ичинен 26сы бири-бирине доом жок деп тил кат жазып беришти. Чет элдиктерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, таратылды", — деди Ашырбаев. 

Жаштардын жоон топ болуп топтошуп, мушташканы жатканы туурасында жергиликтүү эл милицияга телефон чалып, кабарлаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0