Прокуратурадан тестиер кыздын өлүмүнө себепкер адамдарды жоопко тартуу талап кылынууда

© Бекмамат ТариеловКичинекей кызды сүзүп кеткен унаа. Архив
Кичинекей кызды сүзүп кеткен унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
11 жашар кыздын өлүмүнө алып келген жол кырсыгы болгон жерде белгилер коюлбай, жол чийиндери түшүрүлгөн эмес. Укук коргоочу Владимир Плужниктин айтымында, дал ушул фактылар кыздын өлүмүнө алып келди.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Укук коргоочу Владимир Плужниктин Бишкек шаарынын прокуроруна Жукеев-Пудовкин көчөсүн оңдогондон кийин жол чийинин түшүрбөгөн мамлекеттик кызматтын жумушчуларын жоопко тартуу талабы менен кайрылганын Sputnik агенттигине укук коргоочу өзү билдирди. 

Шейшемби күнү Жукеев-Пудовкин менен Саманчин көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы болуп, андан 11 жашар кыз каза болгон.

Плужниктин айтымында, аталган аймакта ылдамдыкты чектеп турган жол белгилери коюлбай, жол чийиндер түшүрүлгөн эмес. Ушунун баары орду толгус жоготууга алып келген.

"Менин өтүнүчүмө прокуратура органдары 14 күндүн ичинде жооп берүүгө милдеттүү экенин билем. Болбосо, прокуратуранын өзү маалымат берүүдөн баш тартканы үчүн сотко берем", — деди укук коргоочу.

Sputnik жаңы оңдолуп бүтүп эч кандай белгилер орнотула элек көчөнү унаа үчүн ачууга ким уруксат бергенин билүү максатында Жол кайгуул кызматына кайрылды. 

Кызматтын жол көзөмөл бөлүмүнүн башчысы Мирлан Чалабаевдин айтымында, аталган мекеме жол чийиндерин түшүрүү жана жол белгилерин орнотууга гана жоопкер экенин билдирди.

"Ушу кезге чейин кырсык болгон көчөдө жөө киши баскан жол менен тосмолор орнотулуп жатат. Жол кыймылы кош көчөдө унаа агымы көп болгондуктан ачылган. Негизинен көчөлөр мэриянын капиталдык курулуш башкармалыгынын уруксаты менен ачылат", — деди ал.

Ал эми башкармалыктын жетекчиси Султан Үсөнов мэриянын коллегиясына катышып жаткандыктан, түшүндүрмө берүүгө убактысы жок экенин билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0