Абактан качып кармалган дагы бир кылмышкер көз жумду

© Sputnik / Олег Пашук / Медиабанкка өтүүКолония. Архив
Колония. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн эртең менен Муратбек Жумалиевдин саламаттыгы кескин начарлап кеткен. Кан алмаштыруу жардам бербеген камактагы кылмышкер 47-түзөтүү колониясынын ооруканасынан каза болгон.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Түрмөдөн качып кармалган беш кылмышкердин бири Муратбек Жумалиев каза болгонун ЖАМКтын маалымат кызматы кабарлады.

© пресс-служба ГСИН КРЗаключенный Жумалиев Муратбек Чыныбекович
Заключенный Жумалиев Муратбек Чыныбекович - Sputnik Кыргызстан
Заключенный Жумалиев Муратбек Чыныбекович

Буга чейин жүрөк оорусунан Таалайбек Жуманов каза болуп, ал эми бүгүн Бакыт Кенжекуловдун өлгөнү белгилүү болду. 

Түрмөдөн качып чыккан Азамат Мусуралиев жок кылынган жерден тартылган кадрлар
Билдирүүгө ылайык, бүгүн эртең менен 33 жаштагы Жумалиевдин ден соолугу кескин начарлап кеткен. Мындан улам анын каны алмаштырылган. Бирок бул Жумалиевге жардам берген эмес. 

Өткөн аптанын башында 50-түрмөдөн тогуз кылмышкер качып чыккан. Токтотууга аракет кылган үч ЖАМК кызматкерин өлтүрүп, дагы бирин оор жарадар кылышкан. Ал беш күндөн кийин эсине келбей ооруканада каза болду.

Атайы операция учурунда качкындары бешөө кармалып, төртөө из суутуп кетүүгө үлгүргөн. 16-октябрда издөө иш-аракеттеринен улам Бишкектин чет-жакасындагы "Дордой-1" жаңы конушунан кылмышкерлердин бири Данияр Кадыралиев жок кылынса, 20-октябрь күнү дагы бири Азамат Мусуралиев өлтүрүлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0