Милиция түрмөдөн качкандардын дагы бирөөнү Сокулук районунан издеп жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековИИМ кызматкерлери издөө иштерин өткөзүүдө. Архив
ИИМ кызматкерлери издөө иштерин өткөзүүдө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сокулук районунда түрмөдөн качкандардын бирөө Азамат Мусуралиев жок кылынды. Аны менен кошо дагы Алтынбек Итибаев болушу мүмкүн деп аталган аймакта тинтүү иштери жүрүүдө.

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Сокулук районунда түрмөдөн качкан Азамат Мусуралиев жок кылынды. Аны менен чогуу Алтынбек Итибаев болушу мүмкүн деп учурда милиция издөө иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Алтынбек Итибаев депутат Санжар Кадыралиевди өлтүргөн деген айып менен соттолгон. 

© пресс-служба ГСИН КРИтибаев Алтынбек Абдиметалиевич
Итибаев Алтынбек Абдиметалиевич - Sputnik Кыргызстан
Итибаев Алтынбек Абдиметалиевич

Мусуралиев бүгүн Арал айылындагы кашарлардын биринен жок кылынган.

Өткөн аптанын башында 50-түрмөдөн тогуз кылмышкер качып чыккан. Токтотууга аракет кылган үч ЖАМК кызматкерин өлтүрүп, дагы бирин  оор жарадар кылышкан. Ал беш күндөн кийин эсине келбей ооруканада каза болду.

Спецназ кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
ИИМ: түрмөдөн качкан Азамат Мусуралиев жок кылынды
Атайы операция учурунда качкындары бешөө кармалып, төртөө из суутуп кетүүгө үлгүргөн. 16-октябрда издөө иш-аракеттеринен улам Бишкектин чет-жакасындагы "Дордой-1" жаңы конушунан кылмышкерлердин бири Данияр Кадыралиев жок кылынган.

Укук коргоо органдары түрмөдөн качкандардын жашынган жери жөнүндө маалымат бергендерге бир миллион сом сыйлык бериле турганын билдирген. Ошондой эле, 0(312) 26-60-27, 0(312) 66-23-31, 26-60-66, (555) 32-00-22, 0(555) 32-00-22, 0 (702) 90-50-39, 0 (555) 70-95-78, 0(558) 20-21-02 номерлерине кабарлар коюну өтүнөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0