БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Түрмөдөн качып издөөгө алынган кылмышкердин бири Азамат Мусуралиев бир саат мурун Сокулук районунда жок кылынды. Бул тууралуу ИИМ билдирет.
Өткөн аптанын башында 50-түрмөдөн тогуз кылмышкер качып чыккан. Токтотууга аракет кылган үч ЖАМК кызматкерин өлтүрүп, дагы бирин оор жарадар кылышкан. Ал беш күндөн кийин эсине келбей ооруканада каза болду.

Атайы операция учурунда качкындары бешөө кармалып, төртөө из суутуп кетүүгө үлгүргөн. 16-октябрда издөө иш-аракеттеринен улам Бишкектин чет-жакасындагы "Дордой-1" жаңы конушунан кылмышкерлердин бири Данияр Кадыралиев жок кылынган.
Азамат Мусуралиев 1987-жылы Жалал-Абад облусундагы Кара-Көл шаарында туулган. "Жайшуль-Махди" партиясынын мүчөсү.
