Кант шаарында спринтер менен жеңил унаа кагышып, эки адам каза болду

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүТез жардам автоунаасы. Архив
Тез жардам автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Куткаруучулар "Фольксваген Жетта" унаасында кыпчылып көз жумган 21 жаштагы айдоочу менен жүргүнчү кызды алып чыгып, ички иштер органдарынын кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Бүгүн таңкы саат 6.10 чамасында Кант шаарынан чыга бериш жерде спринтер унаасы менен "Фольксваген Жетта" унаалары кагышып, эки адам каза болгонун ӨКМ билдирди. 

Айдоочу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жумгалда жол кырсыгына себепкер айдоочу эки жумадан кийин табылды
Маалыматка ылайык, окуя болгон жерге барган куткаруучулар "Фольксваген Жетта" унаасында кыпчылып көз жумган 21 жаштагы айдоочу менен жүргүнчү кызды алып чыгып, ички иштер кызматкерлерине өткөрүп беришкен. 

Спринтердеги эки аял менен тогуз айлык ымыркай куткаруучулар барганга чейин Кант шаардык ооруканага жеткирилген. Унаанын 29 жаштагы айдоочусу жабыркаган эмес.

Учурда тиешелүү кызматтар тактоо-иликтөө иштерин жүргүзүп жатышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0