ЖК депутатынын унаасынан нашаа табылды

© пресс-служба ГСКНКармалган автоунаа. Архив
Кармалган автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ошол эле күнү депутаттын жардамчысына баңгизат саткан жаран кармалганын тийиштүү мекеме билдирген.

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Кыргызстандын борборунда үч күн мурун Жогорку Кеңеш депутатынын коомдук жардамчысы анаша менен кармалганын Баңгизатка каршы мамлекеттик кызмат билдирди.

Баңгизат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Үч студент 2 кг анаша сатып жаткан жеринен кармалды
32 жаштагы жардамчынын жанына 281 грамм өлчөмүндө полиэтилен баштыкка салынган анаша табылган. Аталган жаран депутаттын кызматтык унаасын айдап жүргөн.

Ошол эле күнү андан кийинки иликтөө иштеринин натыйжасында эл өкүлүнүн жардамчысына баңгизат саткан Ысык-Көл облусунун 47 жаштагы тургуну колго түшүрүлгөн.

Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө башталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0