Милиция шектүү аймакты түнү бою күзөтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековШаардык милиция түрмөдөн качкан кылмышкер жок кылынган аймакты түнү бою кезектешип күзөтөт.
Шаардык милиция түрмөдөн качкан кылмышкер жок кылынган аймакты түнү бою кезектешип күзөтөт. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаардык милициянын патрулу кезеги менен күзөтүшөт.

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Шаардык милиция эртең менен түрмөдөн качкан кылмышкер жок кылынган аймакты түнү бою кезектешип күзөтө турганын Sputnik агенттигинин кабарчысы жеринен билдирди.

ИИМ кызматкерлери патрулдоо мезгилинде. - Sputnik Кыргызстан
"Дордойлуктар" менен "Энесайлыктар" мынча автоматчаны көргөн эмес
Бүгүн эртең менен "Дордой-1" жаңы конушунан №50 түрмөдөн качып чыккан Данияр Кадыралиев жок кылынган. Укук коргоо органдары аталган аймакта издөөгө алынган башка кылмышкерлер болушу ыктымал деп бир күн бою тинтүүгө алды.

Күзөткө чыккан милиция кызматкерлери 1,5 саатта бирден алмашып турушат.

Укук коргоо органдары "Дордой" жана "Энесай" жаңы конуштарынын аймагын түнү бою көзөмөлгө алып турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0