Качкан кылмышкердин бири жок кылынды

© Sputnik / Табылды КадырбековИИМ кызматкерлери тарабынан "Дордой" базарында издөө иштери
ИИМ кызматкерлери тарабынан  Дордой базарында издөө иштери - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалыматка ылайык, кылмышкер "Дордой-1" жаңы конушунан атып өлтүрүлгөн.

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Түрмөдөн качып, издөөгө алынган төрт кылмышкердин бири Азамат Мусуралиев жок кылынды. Бул туурасындагы ИИМ билдирди.

Буга чейин милицияга качкындар "Дордой" базарында жүрүшү мүмкүн деген маалымат түшкөнү айтылган. Түндөн тарта базардын айланасы курчоого алынып, учурда милиция аталган аймак менен "Энесай" жаңы конушун тинтүүгө алган.

Маалыматка ылайык, кылмышкер "Дордой-1" жаңы конушунан атып өлтүрүлгөн. 

Азамат Мусуралиев 1987-жылы, Жалал-Абад облусундагы Кара-Көл шаарында туулган. "Жайшуль-Махди" партиясынын мүчөсү.

Жаңылыктар түрмөгү
0