№50 түрмөдөн качкандар жарадар кылган кызматкерге 2-операция жасалды, анын абалы оор

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүОперация учурунда. Архив
Операция учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дарыгерлер подполковник Тилек Абылгазиевдин баш сөөктөрү сынып, мээсине доо кеткен деген бүтүм чыгарышкан.

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Түрмөдөн качып чыккан экстремисттердин колунан жарадар болгон подполковник Тилек Абылгазиевдин абалы экинчи операциядан кийин да оор бойдон калууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Охранный периметр минской исправительной колонии - Sputnik Кыргызстан
Түрмөдөн качкандардын жашынган жерин айткандарга 300 миң сом сыйлык берилет
Дарыгерлер анын баш сөөктөрү сынып, мээсине доо кеткен деген бүтүм чыгарышкан. 

12-октябрга караган түнү №50 түрмөдө отурган тогуз адам качып кеткен. Аларды токтотууга аракет кылган ЖАМКтын кызматкерлеринин  үчөө өлүп, бирөө оор жарадар болгон. Атайын операция учурунда алардын бешөө кармалып, төртөө из жашырганга үлгүргөн. Учурда алар Чүй облусу, Бишкек шаары жана Казакстандын Жамбыл облусунда изделип жатат

Маалымат кызматы билдиргендей, жарадар болгон Абылгазиевге 14-октябрда экинчи жолу операция жасалды.

"Учурда бейтаптын абалы туруктуу болгону менен, оор бойдон калууда", — деп белгиледи маалымат кызматы.

Абылгазиев Улуттук госпиталдын нейрохирургия бөлүмүнүн кайра жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Түрмөдөн качып чыккан кылмышкерлердин колунан каза тапкандардын үй-бүлөлөрүнө жана жарадар болгон кызматкерге өкмөт 50 миң сомдон бөлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0