Ошто аскер-соода башкармалыгынын кызматкерлерине карата кылмыш иши козголду

CC BY 2.0 / Campco Photos / UZI Handcuff Hinged Double-LockКишен жана аскердик форма. Архив
Кишен жана аскердик форма. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир жыл бою мамлекеттик ишкананын кызматкерлери түшкөн акчаны кассадан тыш өткөрүп, эсептен чыгарып салышкан. Мындан тышкары, текшерүү учурунда товардын акчасы жетпей калган.

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Коргоо министрлигине караштуу "Аскер соода башкармалыгы" мамлекеттик ишканасынын Оштогу филиалынын жооптуу кызматкерлери 700 миң сомдун тегерегиндеги каражатты өзүнө ыйгарып алганы аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Жалал-Абаддын сот-медициналык экспертиза бюросунун жетекчилери алдамчылыкка барышкан
Маалыматка ылайык, 2012-2013-жылдардын аралыгында кассага түшпөстөн, 439,4 миң сом эсептен чыгарылган. Мындан тышкары, 229,5 миң сомдук товардын кемип калганы белгилүү болду. Мындан улам мамлекетке 668,9 миң сом зыян келтирилген. 

Коррупцияга каршы кызматынын чогулткан материалдарынын негизинде УКМКнын аскер прокуратурасы тарабынан аталган ишкана кызматкерлерине кылмыш иши козголду.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0