Кантка бараткан жолдо үч машина кагышып, бир киши каза болду

© пресс-служба ГУВД Чуйской областиЖол кырсыгына кабылган "Фольксваген-Гольф-2", автоунаасы.
Жол кырсыгына кабылган Фольксваген-Гольф-2, автоунаасы. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кант – Бишкек жолунда эки жеңил унаа бетме-бет кагышып, алардын бирөө жолдо бараткан башка унааны дагы барып сүзгөн.

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. "Фольксваген-Гольф-2" машинасынын айдоочусу Кант – Бишкек жолунда батыш тарапты көздөй кетип бара жатып жолдун каршы тарабына чыгып кеткен. Анын кесепетинен ал "Фольксваген-Пассат" менен бетме-бет кагышып, соккуунун катуулугунан "Пассат" машинасы "Митсубиси-Лансер" автоунаасын барып каккан. Бул тууралуу Ысык-Ата РИИБи билдирди.

© пресс-служба ГУВД Чуйской областиЖол кырсыгынын кесепетинен "Фольксваген-Гольф-2" машинасынын айдоочусу окуя болгон жерден каза болгон
1/2
Жол кырсыгынын кесепетинен "Фольксваген-Гольф-2" машинасынын айдоочусу окуя болгон жерден каза болгон
© пресс-служба ГУВД Чуйской области"Фольксваген-Пассаттын" айдоочусу оор жаракат менен аймактык ооруканага жеткирилген.
2/2
"Фольксваген-Пассаттын" айдоочусу оор жаракат менен аймактык ооруканага жеткирилген.
1/2
Жол кырсыгынын кесепетинен "Фольксваген-Гольф-2" машинасынын айдоочусу окуя болгон жерден каза болгон
2/2
"Фольксваген-Пассаттын" айдоочусу оор жаракат менен аймактык ооруканага жеткирилген.

"Фольксваген-Гольф-2" машинасынын айдоочусу окуя болгон жерден каза болуп, "Фольксваген-Пассаттын" айдоочусу оор жаракат менен аймактык ооруканага жеткирилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0