ЖАМК өзгөчө коркунучтуу кылмышкерлер эркиндикке кантип чыкканын айтып берди

© Sputnik / Эркин АлымбековЖаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын Башкы оперативдүү тартиптик башкармалыгынын жетекчиси Саламат Абдиев.
Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын Башкы оперативдүү тартиптик башкармалыгынын жетекчиси Саламат Абдиев. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Качып чыккандар отургандан башка бардык камералар бек болчу дейт ЖАМКтын өкүлү.

БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Камактагылар торду алып таштап, административдик имарат аркылуу чыгып кетишкен деп билдирди Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын Башкы оперативдүү тартиптик башкармалыгынын жетекчиси Саламат Абдиев. 

Дүйшөмбүгө караган түнү №50 тергөө абагынан камакта отурган тогуз адам качып кеткен. Аларды токтотууга аракет кылган ЖАМК кызматкерлеринин үчөө өлүп, бирөө оор жарадар болгон. Мекеменин кызматкери кылмышкерлердин качкандыгы жана алар кандай үлгүдөгү автоунааны айдап кеткендиги жөнүндө кабар берген. 

"Кылмышкерлер имараттан чыгып, биздин кызматкерге тиешелүү автоунааны айдай качып, унаанын ээсин ошол жерден өлтүрүшкөн. Качкандар отургандан башка камералардын баары бек болгон", — деп билдирди Абдиев.

Ал №50 тергөө абагында сакталган куралдарга кылмышкерлер жеткен эмес деп белгиледи.

Нижний Нооруз айылындагы түрмөдөн кылмышкерлердин качуусу тууралуу Sputnik инфографикасында көрүңүздөр>> 

Жаңылыктар түрмөгү
0