Түрмөдөн кишилердин качуусуна күзөттүн тийиштиги бар-жогун ЖАМК текшерүүдө

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүАбак кызматкери эшикти жаап жатат. Архив
Абак кызматкери эшикти жаап жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ички иштер министрлиги Нижный Нооруз айылындагы №50 түрмөдөн кылмышкерлердин качышына ЖАМКтын күзөтүндө иштегендер тиешелүү болушу мүмкүн деген билдирүү тараткан.

БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Учурда №50 түрмөдөн 9 кылмышкердин качуусуна абактын күзөтүү кызматкерлеринин тийиштиги бар-жогун тергөө текшерип жатат. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) маалымат катчысы Александр Никсдорф Sputnik агенттигине билдирди.

Түрмөдөн качкан кылмышкерлер жети баланы жетим калтырды
12-октябрга караган түнү тогуз кылмышкер түрмөдөн качып, ЖАМКтын үч кызматкерин өлтүрүп, дагы бирин катуу жарадар кылышкан. Кылмышкерлердин бешөө айланма жолдон кармалган.

Ички иштер министрлиги Нижный Нооруз айылындагы №50 түрмөдөн кылмышкерлердин качышына ЖАМКтын күзөтүндө иштегендердин тиешеси болушу мүмкүн деген билдирүү тараткан.

Никсдорфтун айтымында, учурда ЖАМК кызматкерлеринин кылмышкерлердин качуусуна тийиштиги бардыгы текшерилип жатат.

"Бардык версиялар каралууда", — деди Никсдорф.

Азыр ИИМ изин жашырып кеткен төрт кылмышкерди издеп жатат.

Нижний Нооруз айылындагы түрмөдөн кылмышкерлердин качуусу жөнүндө Sputnik инфографикасында көрүңүз>> 

Жаңылыктар түрмөгү
0