Милиция кылмышкерлерди түнкү бир жарымда кантип кармалгандыгын айтып берди

© Sputnik / Андрей Архипов / Медиабанкка өтүүМыйзам бузуучуларды кармоо. Архив
Мыйзам бузуучуларды кармоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кылмышкерлер түрмөнүн үч кызматкерин өлтүргөндөн кийин, Тойота Эстима үлгүсүндөгү автоунаа менен Бишкекти көздөй багыт алган.

БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Түрмөдөн кызматкерлерди өлтүрүп качты деген маалыматтан беш мүнөт өтпөй милициянын Жол кайгуул кызматы "Тойота Эстима" үлгүсүндөгү автоунааны Алматы көчөсүнүн аягындагы айланма жолдон байкап, артынан түшкөн. Берилген белги жана эскертүү иретинде атылган окту тоотпогон кылмышкерлер качып кетүүгө аракет кылган. Бул туурасында Чүй облусунун Ички иштер бөлүмүнүн атайын батальонунун кызматкери Мирлан Бакиев айтып берди.

Кылмышкерлер №50 түрмөдөгү Жаза аткаруу кызматынын эки офицери жана бир сержантты өлтүрүп, чыгып Бишкекти көздөй багыт алган. 

"Саат бир жарымдар чамасында түрмөдөн кылмышкерлер "Тойота Эстима" үлгүсүндөгү автоунаасы менен качты деген маалымат келди. Беш мүнөт өткөндөн кийин аны байкап калып, артынан түштүк. Бир нече жолу токтотууга аракет кылдык, асманга ок аттык, бирок анын айдоочусу баш ийген жок. Биз рация аркылуу ИИМден жардам сурадык. Бир нече эскертүү иретинде ок атууларга баш ийген жок жана Бишкек — Дордой автожолунда түндүктү карай багыт алды. Алар ППС жакка кайрылып качып, биздин атылган ок автоунаанын оң капталындагы дөңгөлөккө тийди", — деп билдирди Бакиев.

Ал өнөктөшү Канат Курманалиевди аз жерден курман болуп кала жаздагандыгын айтып берди. Бирок ички иштер бөлмүнүн атайын батальонунун жардамы менен түнкү саат бир жарымдардан өткөндө кылмышкерлерди кармашкандыгын кошумчалады.

"Бизге маалыматтар сегиз киши деп берилген, автоунааны токтогондо андан экөө түштү, айдоочусу түндүк батышты карай качты. Бизге баш ийген жок. Колунда куралы бар экен. Экинчиси түштүк чыгышты карай качты. Автоунаада көп киши болгондуктан, биз аларды кармай албай калдык", — деди Бакиев.

Түрмөдөн качкандар "Жайшуль-Махди" террордук уюмунун мүчөлөрү болгон
№50 түрмөдөн качкандар Кыргызстанда ишмердүүлүгүнө тыюу салынган "Жайшуль-Махди" партиясынын мүчөлөрү болгон. Буга чейин аларга диний экстремизм жана терроризм боюнча кылмыш иши козголуп, эркинен ажыратылган. 

Алар качуу учурунда үч ЖАМКтын үч кызматкерин өлтүрүп, бирөөнү жарадар кылышкан. Качкан тогуз кылмышкердин бешөө кармалды. Төртөө изделүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0