ИИМ: кылмышкерлердин качышына түрмөнүн кызматкерлеринин тийиштиги болушу мүмкүн

Жазылуу
Нижный Нооруз айылындагы №50 тергөө абагынан түндө 9 кылмышкер качып, мекеменин 3 кызматкерин өлтүрүшкөн.

БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Алдын ала маалыматтар боюнча, №50 тергөө абагынан кылмышкерлердин качып чыгышана мекеменин кызматкерлери күнөөлүү болушу ыктымалдыгын ИИМдин маалымат катчысы Бакыт Сейитов Sputnik агенттигине билдирди.

ГКНБ кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
ИИМ: качкандарды издөөгө өлкөнүн бардык күч түзүмдөрү тартылды
Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын билдиришинче, №50 тергөө абагынан тогуз кылмышкер качып чыгып, үч кызматкерди өлтүрүшкөн. Качкандардын бешөө атайын операция учурунда кармалып, калган төртөө учурда изделүүдө.

Сейитовдун айтымында, абак жайынын кызматкерлери кылмышкерлерди камерадан чыгарып коюшкан. 

"Бизге жеткен оперативдүү маалыматтар боюнча, мекеменин кызматкерлери кылмышкерлерди камерадан чыгарып, ээн-эркин жүрүшүнө уруксат берип койгон. Учурда дагы тактоо иштери жүрүп жатат. Алардын аракеттерине тийиштүү органдар баасын берет", — деди Сейитов.

Кылмышкерлер качып кеткенден кийин ИИМдин жеке курамы бүт көтөрүлүп, аларды кармоо боюнча аракеттер көрүлгөн. 

№50 тергөө абагында өтө оор кылмыш жасап соттолгондор кармалат. Алардын ичинде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү, өмүр бою кесилгендер бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0