Кыргыз-казак чек арасында документи жок адам кармалды

Жазылуу
Кармалган адам Кыргызстандан Казакстанга өтүүгө аракет кылган. Билдирүүдө текшерүү учурунда анын аты-жөнүн тактоочу документтер болбогону айтылууда.

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Чүй облусунда чек арадан өткөрүү пунктунан тыш өтүүгө аракет кылган жаран кармалганын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кармалган адам Кыргызстандан Казакстанга өтүө аракет кылган. Текшерүү учурунда анын аты-жөнүн тактоочу документтер болгон эмес. Өзүнүн айтымында, ал Казакстандын жараны болуп эсептелет.

Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин кармалган адам УКМК бөлүмүнө өткөрүп берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0