Милиционерлер кармалган жаранды сол бөйрөгү жарылып кеткенге чейин сабаган

© Sputnik / Табылды КадырбековМилиция кызматкеринин фуражкасы жана кол кишен. Архив
Милиция кызматкеринин фуражкасы жана кол кишен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күнөөнү моюнуна алдырыш үчүн кишини милиция кызматкерлери аябай сабашкан, деп айылат Башкы прокуратура тараткан билдирүүдө.

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Ысык-Ата районунун үч милиционери кармалган кишини кыйнаганын Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди. 

Диплом кармаган офицер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жасалма диплом менен 8 жыл иштеп келген милиция кызматкери кармалды
Башкы көзөмөл органдын маалыматына ылайык,15-августта үч милиционер Ш.А. аттуу жаранды РИИБдин имаратына алып келип, автоунааны уурдады деген күнөөнү моюнуна алдырыш үчүн сабашкан.

Сабалган жарандын денеси көгала болуп, сол бөйрөгү жарылып кеткен. 

Аталган факты боюнча үч милиционерге карата Кылмыш жаза кодексинин "кыйноо" беренеси менен кылмыш иши козголду.

Жаңылыктар түрмөгү
0