Турак колониясындагы жарандан унаасын оңдоп берүүнү талап кылган жетекчи камакка алынды

Жазылуу
Талабы аткарылбаса, бөлүм башчы жаза өтөп жаткан жаран менен ишке орношуу боюнча келишим түзбөй, аны абакта калтырам деп коркуткан.

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын бөлүм башчысына карата кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренесинин негизинде кылмыш иши козголгонун Башкы прокуратура билдирди.

Кол кишенчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Дүлөй жана дудук адамдарды күч менен тоноп кеткен майыптардын тобу кармалды
Маалыматка ылайык, аталган кызматкер турак колониясында жаза өтөп жаткан жарандан автомагнитола сатып берип, аны "Хонда СР-В" үлгүсүндөгү жеке унаасына орнотууну жана машинаны ремонттон өткөрүп берүүнү талап кылган. Эгер айтылгандар аткарылбаса, жаза өтөп жаткан жаран менен ишке орношуу боюнча келишим түзбөй, аны абакта калтырам деп коркуткан.

Соттолгон адам автомагнитоланы орнотуп бергенден кийин анын арызынын негизинде колониянын жетекчиси Бишкек ШИИБ убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0