Дүлөй жана дудук адамдарды күч менен тоноп кеткен майыптардын тобу кармалды

Жазылуу
Мындан тышкары, милицияга кылмышкерлерге чара көрүү талабы менен 40 майып адамдын колу коюлган жалпы арыз түшкөн.

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Дүлөй жана дудук адамдарга карата күч колдонуп, аларды талап-тоногон каракчылар кармалганын ИИМ билдирди.

Маалыматка ылайык, кылмышкерлер тобунун мүчөлөрү соода менен алектенген майыптардан ири көлөмдөгү акча каражатын талап кылып, көнбөгөндөрдү уурдап барып ур-токмокко алышкан.

Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында милицияга Кара-Балта шаарынын майып тургунунан 1000 доллар жана 5000 сом талап кылган жарандарга карата чара көрүү арызы түшкөн. 

Акча жана бычак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Түндөп адамдарды талап-тоногон эки каракчы кыз колго түштү
Иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка Бактыбек, Эрмет жана Юбур аттуу жарандардын катыштыгы бар экени белгилүү болуп, алардын да майып экени аныкталган.

Атайы операция учурунда Бишкектин "Дордой" базарынын айланасынан аталган топтун эки мүчөсү 500 доллар өлчөмүндө акча алып жаткан жеринен кармалган. Буга чейин соттолуп чыккан 57 жана 34 жаштагы кылмышкерлер коңшу мамлекеттердин жарандары экени аныкталган. Топтун 39 жаштагы үчүнчү мүчөсү ушу тапта издөөгө алынды. 

Мындан тышкары, милицияга кылмышкерлерге чара көрүү талабы менен 40 майып адамдын колу коюлган жалпы арыз түшкөн. 

Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында аталган топтун башка дагы бир катар талап-тоноочулукка тиешеси бар экендиги маалым болду. 

Учурда тергөө иштери уланып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0