612 миң долларды алдырып жиберген инкассатор, ага кол салынган учурда жалгыз болгон

Жазылуу
Окуя түнкү саат үч ченде болгон. Инкассаторлордун бири ири суммадагы акчаны квартирасынан алып, эл аралык "Манас" аэропортуна жетикирүү үчүн чыкканда кол салынган.

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Бишкекте инкассаторлордун тобуна кол салгандар 612 миң долларды тоноп кетишкен. Бул туурасында Sputnik маалымат агенттигине Бишкек ШИИБдин маалымат кызматынан билдиришти.

Окуя түнкү саат үчтө болгон. ШИИБдин маалыматында уурдалган акча "Транс-Сервис KG" деп аталган туристтик фирмага тиешелүү болгон. Инкассаторлордун бири ири суммадагы акчаны квартирасынан алып, эл аралык "Манас" аэропортуна жетикирүү үчүн чыкканда кол салынган. 

"Туристтик фирма акчаны Бириккен Араб Эмирлигине, Дубай шаарына жөнөтүү үчүн аэропортко алып барууга инкассаторлорду жалдаган", — деп билдирди ШИИБдин маалымат кызматы.

Акча жана бычак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Түндөп адамдарды талап-тоногон эки каракчы кыз колго түштү
Маалымат кызматынын билдиргенине караганда, инкассатор квартирасынан чыкканда кол салынып, ал короодогу автоунаада күтүп отурган инкассаторлорго жетпей калган. 

ШИИБдин маалыматында, таяк жеген кызматкер Бишкек шаарындагы ооруканалардын бирине жеткирилип, дарыланып өтүп жатат.

Ишти Свердлов райондук ИБдин кызматкерлери иликтөөдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0