Чек ара тосмосунан секирип Казакстанга өтүүгө аракет кылган жаран кармалды

© REUTERS / Mukesh Gupta/FilesЧек ара тосмосу. Архив
Чек ара тосмосу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
39 жаштагы Кыргызстандын тургуну "Чалдыбар-автодорожный" өткөрүү пунктунан көзөмөлдөн тыш тосмодон секирип бара жатканда колго түшүрүлгөн.

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Казакстанга чек арадагы тосмодон секирип өтүүгө аракет кылган кыргызстандык жаран кармалганын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 7-октябрында 39 жаштагы Кыргызстандын туруну "Чалдыбар-автодорожный" өткөрүү пунктунан көзөмөлдөн тыш тосмодон секирип бара жатканда колго түшүрүлгөн.

Тийиштүү документтер толтурулуп, кармалган адам укук коргоо органдарына өткөрүп берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0