Айдоочулук күбөлүк үчүн жасалма справка берген дарыгерлер камакка алынды

© flickr.com / Ryo FUKAsawaВрачтын кийим-кечеси. Архив
Врачтын кийим-кечеси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Текшерүү учурунда аталган дарыгерлерден окулист, лор, хирург, терапевт, невропатолог жана эки борбордун жасалма мөөрлөрү табылган.

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Бишкекте №8 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун кызматкерлери айдоочулук күбөлүк алуу үчүн даяр медициналык справкаларды саткан факты боюнча кылмыш иши козголгонун Финансы полициясы билдирди.

Чек арадагы бажы көзөмөлү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жасалма күбөлүк менен кызын чет жакка чыгарып кетүүгө аракет кылган аял кармалды
Маалыматка ылайык, далил каттар медициналык кароонун бардык түрүнөн өткөндүгүн тастыктап, ага жарандын республикалык наркология жана психикалык ден соолук борборунда каттоодо турбаганын айгинелөөчү жасалма мөөр басылган.

Текшерүү учурунда аталган дарыгерлерден окулист, лор, хирург, терапевт, невропатолог жана эки борбордун жасалма мөөрлөрү табылган.

Бул фактылар боюнча кылмыш иши козголуп, учурда кызматкерлер Биринчи май райондук сотунун чечими менен үй камагына алынды.

Тергөө иштери улантылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0