Оор кылмыш жасагандыгы үчүн издөөгө алынган 9 жаран кармалды

© Sputnik / Андрей Архипов / Медиабанкка өтүүКишен. Архив
Кишен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кармалгандардын экөө федералдык издөөдө болуп келген. Алты жаран Бишкекте, бирөөсү Таш-Көмүр шаарында, дагы экөө Ысык-Көл облусунда колго түшүрүлгөн.

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Өткөн суткада республика боюнча жүргүзүлгөн "Издөө", "Легалдуу эмес" жана "Транзит" операцияларынын натыйжасында издөөдө жүргөн кылмышка шектүү тогуз жаран кармалганын ИИМ билдирди.

Кол кишенчен адамадар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Түптө бир үй-бүлөнү мыкаачылык менен балталап кеткен 17 жаштагы эки бала кармалды
Маалыматка ылайык, иш-чара буга чейин кылмыш жасап, жоопкерчиликтен качып, издөөгө алынган жарандарды кармоо максатында уюштурулган.

Ыкчам-иликтөө иш-аракеттеринен улам тогуз шектүү адам колго түшкөн, анын экөө Россияда федералдык издөөдө болчу.

Министрлик алты жаран Бишкекте, бирөөсү Таш-Көмүр шаарында, дагы экөө Ысык-Көл облусунда колго түшүрүлгөнүн белгилейт. Тогуз жаран тең оор кылмыш жасаган деп шектелүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0