"Чыгышэлектронун" жетекчилиги мамлекетке 900 миң сомдон ашык зыян келтиргени аныкталды

Жазылуу
Кылмышка шектелген жаран электр энегиясын керектөөчүлөрдүн карыздарын өндүрүп берип, ал сумманын 30 пайызын өзүнө сыйлык катары алмак.

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. "Чыгышэлектро" ишканасынын бөлүм башчысынын орун басары мамлекетке 952,1 миң сом зыян алып келгенин УКМК билдирди.

Кыргыз Республикасынын валютасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бала бакча кызматкерлерине айлык берүүдө мамлекетке 3 млн.сом зыян келтирилген
Маалымат боюнча, 2011-2014-жылдары "Чыгышэлектро" ишканасынын мурдагы жетекчиси ишкананын бөлүм башчысынын орун басары менен билип туруп мыйзамсыз келишим түзгөн. Ага ылайык, орун басар электр энегиясын керектөөчүлөрдүн карыздарын өндүрүп берип, ал суммадан 30 пайыз өлчөмүндө сыйлык алмак. 2011-2015-жылдары ага мыйзамсыз 952,1 миң сом төлөнгөн.

Дебитордук береселерди өндүрүп алууда аталган жаран эч кандай кол кабыш кылып, катышкан эмес. 

Бул факты боюнча КРдин Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренеси ("Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу") боюнча кылмыш иши козголду.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0