Ошто үгүт иштери боюнча бир гана арыз түшкөн

© flickr.com / Jonathan BrodskyҮн чыгаруучу. Архив
Үн чыгаруучу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үгүт өнөктүгү учурунда Ош обулусу боюнча саяий партиялар арасында бир гана арыз катталган.

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Агитация учурунда Ош облусу менен шаардын аймагында бир мыйзам бузуу боюнча бир гана факты катталды деп билдирди Sputnik маалымат агенттигине ИИМдин Ош шаардык жана облустук башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Жеңиш Ашырбаев.

"Оштун Ноокат районунда саясий партиялар бири-биринин банерлерин жыртты деп арыз түштү. Башка арыздангандар болгон жок", — деди ал.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо алдында үгүт иштери 4-сентябрда башталып, 2-октябрда аяктады. БШКнын маалыматында, саясий партиялар шайлоо кампаниясындагы үгүт иштерине расмий түрдө 778 миллион сом сарпташты.

Кыргызстандагы шайлоонун жүрүшү тууралуу Sputnik агенттигинин онлайн-репортажынан көрүңүз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0