23:26 21 Теке 2018
Түз эфир
  • USD68.2377
  • EUR79.4389
  • RUB1.0748
Кундуз шаары, Афганистан. Архив

Афганистандагы "Чек арасыз дарыгерлердин" ооруканасы абадан жасалган соккудан жабыркады

© REUTERS / STRINGER/AFGHANISTAN
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
27 0 0

Аба соккусу жасалган учурда Кундуздагы оорукананын травматалогия бөлүмүндө 105 оорулуу жана медкызматкерлер, андан сырткары эл аралык медициналык уюмдардын 80ге чукул өкүлдөрү болгон.

БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Кундуз шаарында "Чек арасыз дарыгерлердин" уюму жайгашкан оорукана бомбалоодон жабыркап, үч  киши каза болуп, 30у дайынсыз. Сокку урулган учурда оорукананын имаратында 200 киши бар эле деп айтылат аталган уюмдун   сайтына коюлган маалыматта. 

"Чек арасыз дарыгерлердин" уюму жайгашкан оорукананын травматология борбору ишемби күнү узакка созулган бамбалоодон олуттуу бөлүгү талкаланды. Уюмдун үч кызматкери курман болуп, 30у дайынсыз",— деп айтылат аталган уюмдун өзүнүн сайтында. 

Аба соккусу жасалган учурда Кундуздагы оорукананын травматалогия бөлүмүндө 105 оорулуу жана медкызматкерлер, андан сырткары эл аралык медициналык уюмдардын 80ге чукул өкүлдөрү болгон.  

"Чек арасыз дарыгерлердин" уюму Афганистандагы  Кабул, Хост, Кундуз жана Лашкаргах шаарларындагы ооруларга жардам көрсөтүп келет. 2014-жылы аталган уюмдун дарыгерлери  сегиз  миңге чукул операция жасап, 300 ирет кеп-кеңештерди берип, 40 аялдын төрөтүн кабыл алган. 

300 миңге чукул жашоочулары бар Кундуз шаарын дүйшөмбү күнү талиптер басып алган, шейшембиде, эртеси Афган бийлиги калааны бошотуу операциясын баштаган.  Шаршембиде АКШнын аскер аба күчтөрүнүн соккусунан улам, Кундузда 160 согушкер жок кылынган. Бейшемби күнү бийлик калааны бошоткондугун жарыя кылышкан, бирок, жергиликтүү эл борбордук аянттан 200 метр аралыктагы  Кожо Машхад районунда айыгышкан согуш жүрүп жаткандыгын айтып жатышат.

Тема боюнча

"Талибандын" 50гө жакын согушкери Афганистанда жок кылынды
Афганистандагы "Ислам мамлекетинин" башчыларынын бири жок кылынды
Белгилер:
Афган бийлиги, талиптер, Кундуз провинциясы, Афганистан
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ