02:17 16 Тогуздун айы 2018
Түз эфир
  • USD69.1798
  • EUR80.0687
  • RUB1.0522
Боом капчыгайы аймагында тоодогу кум-шагылды түшүрүү иштери.

Боом капчыгайындагы тоодогу кум-шагылды түшүрүү 24-октябрга чейин улантылат

Элима Джапарова
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
6910

Автосүйүүчүлөр жасалып жаткан иштерге түшүнүү менен мамиле кылып, жолго чыкканда муну эске алуусу керектигин Транспорт министрлиги белгиледи.

БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Бишкек – Нарын – Торугарт авто жолунун Боом капчыгайы аймагында тоодогу кум-шагылды түшүрүү иштери жүрүп жатканын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат катчысы Кылычбек Досманбетов билдирди.

Боомское ущелье. Пробка, после камнепада.

Posted by Элима Джапарова on 2 октября 2015 г.

Социалдык тармактын колдонуучулары Боом капчыгайында тоодон түшүрүлүп жаткан кум-шагылдан улам автотыгын болгонун айтып, сүрөттөрүн жайгаштырышты. 

Досманбетовдун айтымында бул пландуу иштер 24-октябрга чейин улантылат.

"Тоодогу кум-шагылдарды түшүрүү иштери 26-сентябрда башталган. Кум-шагылды түшүрүүнү "Верхолаз" ЖЧКсы алган. Алар өз милдеттерин 24-октябрга чейин аткарат", — деди Досманбетов.

Жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун сактоо үчүн жол маал-маалы менен жабыларын ал кошумчалады.

"Автосүйүүчүлөр жасалып жаткан иштерге түшүнүү менен мамиле кылып, жолго чыкканда муну эске алуусун суранабыз", — дейт маалымат катчы.

Бугу чейин 12-августта аталган жолдун 130-чакырымына тоодон кум-шагыл эшилип түшүп жолду жаап калган. Анын кесепетинен бир нече чакырымга созулган автотыгын пайда болгон.

Тема боюнча

Боомдогу жол октябрдын аягына чейин мезгил-мезгили менен жабылып турат
Боомдун үстүнөн тартылган видео автотыгынды алаканга салгандай көрсөттү
Белгилер:
шагыл, таш, уроо, Боом капчыгайы
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ