Кадамжайда эки адам күйдүргү дартына шектелип ооруканага жаткырылды

Жазылуу
Бейтаптардан анализге үлгү алынып, Ош шаарындагы лабораторияга жөнөтүлдү.

БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Баткен облусунун Кадамжай районунда күйдүргү оорусуна шектелип эки адам аймактык ооруканага жаткырылганын ӨКМ билдирди.

Мал доктуру. Архив - Sputnik Кыргызстан
Күйдүргү дартынан улам Ат-Башыда мал эмделип жатат
Маалыматка ылайык, жергиликтүү тургундар үстүбүздөгү жылдын 30-сентябрында дарыгерлерге кайрылышкан. 

Кечээ, 1-октябрь күнү бейтаптардан Кадамжай райондук санитардык жана эпидемиялогиялык көзөмөлдөө борбору тарабынан анализге үлгү алынып, Ош шаарындагы түштүк аймактык кара тумоо оорусуна каршы бөлүмүнө жөнөтүлгөн.

Мекеме анализдин жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат бере турганын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0