Экстремизге жаштарды үгүттөп жүргөн аялдар аныкталды

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүЖабынган аял. Архив
Жабынган аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки аял жаштардын башын айлантып жана, андан сырткары, экстремисттик деп аныкталган адабияттарды жайылтуу менен алектенген.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Бишкек шаарында жаштарды "Хизб ут-Тахрир" экстремисттик уюмунуна кирүүгө үгүттөп жүргөн аталган уюмдун аялдар канатынын мүчөлөрү бүгүн кармалды. Бул туурасында ШИИБдин маалымат кызматы кабарлайт.

Тестиер кыздарды мыйзамсыз окутуп жүргөн "Хизб ут-Тахрир" уюмун жактоочу аял кармалды
Экстремисттик көз караштагы 32 жана 41 жашар эки аял жаштардын башын айлантып жана, андан сырткары, экстремисттик деп аныкталган адабияттарды жайылтуу менен алектенген. 

Алардын жашаган жерлерин тинтүү учурунда аталган багыттагы адабият, журналдар, китептер, нускамалар жана CD, DVD дисктер табылган. 

Табылган материалдар экспертизага жана УКМКга берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0