Тактай ташып кирем деген кыргыз жарандарын чек арачылар Айдаркенден кармады

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүТизилген тактайлар. Архив
Тизилген тактайлар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аткезчилик жүктүн баасы 100 миң сомдун тегерегинде болгон.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Айдаркен чек ара отрядынын кызматкерлери Өзбекстандан курулуш материалдарын мыйзамсыз алып кирип келе жаткан кыргызстандык жарандарды кармады. 

"Кыргызстандык эки жаран 29-сентябрда "Бүргөндү" өткөрүү жайы аркылуу "КамАЗ" жүк ташуучу автоунаасына 100 миң сомдук тактайларды аткезчилик жолу менен алып кирүүгө аракет кылган",— деп билдирди Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат кызматы. 

Чек арачылар кармалгандарды документи менен УКМКнын кызматкерлерине өткөрүп бергени маалым болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0