Башка жарандын паспорту менен Россияга жол алган кыргызстандык кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз Республикасынын паспорту. Архив
Кыргыз Республикасынын паспорту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жүргүнчүлөрдү текшерүү маалында 23 жаштагы жаран башка адамга тиешелүү паспортту көрсөткөн.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Ош шаарынын аэропортунан Россиянын Новосибирск шаарына бөлөк бирөөнүн паспорту менен жол алган кыргызстандык жаран кармалганын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, 27-сентябрь күнү "Ош — Новосибирск" каттамы боюнча ара жаткан жүргүнчүлөрдү текшерүү маалында 23 жаштагы жаран башка адамга тиешелүү паспортту көрсөткөн.

Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин, кармалуучу УКМКнын аймактык бөлүмүнө өткөрүлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0