Жатакана бөлмөсүн мыйзамсыз ижарага берүүдөн 2 млн. сом зыян келтирилген

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүИжарага берүү жөнүндө жазуу. Архив
Ижарага берүү жөнүндө жазуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз улуттук университеттин жатаканасындагы бөлмө жети жылдан бери мыйзамсыз пайдаланылып келген. ЖОЖдун кызматкерлери ижара акысынын өлчөмүн төмөнкү коэффициенттеги эсеп-кысап менен жүргүзүп келишкен.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин пландык-финансылык башкармалыгынын жетекчилиги кызмат абалынан пайдаланып, мамлекетке эки миллион сомдон ашуун зыян келтиргенин УКМК билдирди.

Акча саноо. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Зеленстрой" ишканасынын жетекчилигине кылмыш иши козголду
Маалыматка ылайык, 2008-жылдан тарта аталган окуу жайдын №7-жатаканасындагы бөлмө ижаралык колдонууда болгон. Текшерүү учурунда ЖОЖдун кызматкерлери ижара акынын өлчөмү төмөнкү коэффициенттеги эсеп-кысап менен эсептелгени аныкталган. 

Мындан улам келтирилген зыяндын жалпы суммасы 2 миллион 660 миң сомду түзгөн.

Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0