Өлкөнүн түштүгүндө жер титиреди

Жазылуу
Кыргызстандын айылдарында жер титирөөнүн күчү 2,5 — 3 баллга жетти. Алдын ала маалымат боюнча, кырсыктан жабыркагандар болгон жок.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Кыргызстанда жер титирөө катталганын ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, 28-сентябрга караган түнү күчү төрт баллга жеткен жер титирөө болгон. Сейсмология институтунун билдирүүсү боюнча, жер титирөөнүн очогу Тажикстандын аймагында жайгашкан.

Кыргызстандын Чоң-Алай районундагы Кара-Тейит, Карамык жана Шибээ айылдарында күчү 2,5 – 3 баллдык жер титирөө сезилди.

Алдын ала маалыматка ылайык, жабыркагандар катталган жок.

Эмне үчүн жер титирөөлөр болорун Sputnik инфографикасында көрө аласыздар>> 

 

Жаңылыктар түрмөгү
0