Камчыбек Ташиев менен Абдыманап Абдыбахаповдун ортосундагы жаңжалдын чоо-жайы

© Пресс-служба президента КРБывший депутат Камчыбек Ташиев. Архивное фото
Бывший депутат Камчыбек Ташиев. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ташиев менен Абдыбахаповдун ортосунда кайым айтышуу болуп, ал мушташка чейин жеткенин бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыгышты.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Бүгүн бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМК) 26-сентябрда түштөн кийин Сузак районунун Бек-Абад айылында Ташиев менен Абдыбахаповдун ортосунда кайым айтышуу болуп, ал мушташка чейин жетип, токмок жеген Абдыбахапов ооруканада экенин жазып чыгышкан.

"Республика – Ата-Журт" саясий партиясынын тең төрагасы Камчыбек Ташиев "Өнүгүү-Прогресс" саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Абдыманап Абдыбахаповду (партиянын тизмесинде 71-орунда турат) сабабаганын "Республика – Ата-Журт" саясий партиясынын штабынан Sputnik маалымат агенттигине билдиришти.

"Республика – Ата-Журт" саясий партиясынын штабы берген маалыматка ылайык, Ташиев менен Абдыбахаповдун ортосунда кайым айтышуу болгон, бирок ал мушташка жеткен эмес.

"Камчыбек Ташиев менен Абдыманап Абдыбахаповдун ортосунда чындап эле кайым айтышуу болгон. Бирок, ал мушташка чейин жеткен эмес. Мындай кабарларды таратууну Ташиев кара пиар деп эсептейт", — деп штабдан билдирди.

Учурда аталган факты такталып жатканын Жалал-Абад ИИББден маалымдашты.

Ал эми "Өнүгүү-Прогресс" саясий партиясынын маалымат кызматынын жетекчиси Сюита Соурбаеванын айтымында Абдыбахапов оозунан жаракат алган.

"Бизге жеткен маалыматтар боюнча ушундай факты болгон. Ал оозунан жана моюнунан жаракат алып ооруканада экен. Мунун баарын мыйзам чегинде карап, тийишелүү органдар жыйынтыгын айтат", — деди ал.

Учурда саясий партиялар жер-жерлерде үгүт иштерин жүргүзүүдө. Парламенттик шайлоо 4-октябрга белгиленген.

Жаңылыктар түрмөгү
0