Ноокенде милициянын майору 100 миң сом пара талап кылып кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековМилиционердин фуражкасы, акча жана кол кишен. Архив
Милиционердин фуражкасы, акча жана кол кишен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Милиция кызматкери баңги зат менен кармалган жаранды кылмыш жоопкерчилигинен бошотуу үчүн анын аялынан пара талап кылган.

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Ноокен РИИБге караштуу Кочкор-Ата шаардык милиция бөлүмүнүн башчысы 50 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалганын Коррупцияга каршы кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, милициянын майору жергиликтүү тургундан баңги зат менен кармалган күйөөсүн кылмыш жообунан бошотуу үчүн 100 миң сом талап кылган. 

Доллар купюралары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин кызматкери 2 миң доллар пара алып жатканда кармалды
Үстүбүздөгү жылдын 22-сентябрында ыкчам-иликтөө иш-чаралардын натыйжасында майор 50 миң сом алып жаткан жеринен колго түшкөн.

Аталган факт боюнча майорго карата Кылмыш жаза кодексинин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана пара талап кылуу беренелеринин негизинде кылмыш иши козголду.

Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0