15:27 20 Үчтүн айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8300
  • EUR77.7592
  • RUB1.1348
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
Ажылык – 2015 (42)
31211

Мина өрөөнүндө тепсендиде калып каза болгондордун саны 700дөн ашты.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Сауд Аравиянын Мина өрөөнүндө тепсендиде калып каза болгондордун арасында кыргызстандык зыяратчылар жок экенин Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын маалымат кызматы Sputnik агенттигине билдирди.

Ал ортодо тепсендиде калып каза болгон зыяратчылардын саны 700дөн, жаракат алгандар 800дөн ашканын Сауд Аравиянын жарандык коргоо башкармалыгы билдирүүдө. Учурда кырсык болгон жерде төрт миңден ашык куткаруучу жана дарыгерлер иштеп жатат.

Кырсык ажылыктын негизги ибадаттарынын бири иретинде шайтанга таш ыргытуу учурунда болгон.

12-сентябрда Аль-Харам мечитинде курулушта иштеп жаткан кран кулап 100дөй киши каза болгон.

Сауд Аравиясында зыярат учурунда тепсендиде калган учурлар буга чейин да катталган. 1990-жылы тепсендиде калып 1400 киши каза болгон.

Быйыл Сауд Аравиясы Кыргызстанга ажылык сапарга 3685 квота бөлгөн. Кийин кошумча дагы 500 орун бөлүнгөн. Ажыдан мусулмандар 28-сентябрдан тартып 15-октябрга чейин кайтып келишет. Ал эми ажылык сапардын баасы 2550 долларды түзгөн.

Тема:
Ажылык – 2015 (42)

Тема боюнча

Мекке шаарына жакын жерден 300дөн ашык зыяратчы тепсендиде калып каза болду
ЖМК: Меккеде кулаган кран Усама бен Ладендин үй-бүлөсүнө таандык
Белгилер:
муфтият, Ажылык, Сауд Аравиясы

ЭҢ МААНИЛҮҮ